Илим Карыпбеков соцтармактан үн катты

КТРКнын жетекчиси Илим Карыпбеков автокырсыкка кабылгандан бери биринчи жолу социалдык тармактан үн катты. Тагыраак айтканда, “Фейсбуктагы” баракчасынан ыраазычылык сөздөрүн айтуу менен аялдарды эл аралык 8-март майрамы менен куттуктады.

 “Досторум, кесиптештерим, жакындарым, колдоочуларым!

Чын жүрөгүмдөн ыраазычылыгымды билдирем! Сиздердин жардам, колдооңуздар менен ден соолугум калыбына келүүдө! Биздин алтын доктурларыбыз мүмкүн болбогон нерселерди кылып жатышат!

Айымдарыбызды майрамыныздар менен куттуктайм! Саламаттуу болунуздар!”-деп жазды ал.

Эки саатта Карыпбековдун жол кырсыгынан кийинки алгачкы постуна 500дөй комментарий жазышты. Көбү ага батыраак айыгып кетүүнү тиледи. Айрымдар КТРК жетекчисине көз тийгенин болжоп, кеңештерин берип жатышат.

Эске салсак, 28-февралдан 1-мартка оогон түнү саат 3:19 чамасында КТРКнын жетекчиси Илим Карыпбеков жол кырсыгына кабылган. Ага операция жасалып, кийинчерек эсине келип, абалы жакшырып жатканы маалымдалган.

Башкы сүрөт: Спутник

Жооп калтыруу

Пикир калтыруу

avatar
wpDiscuz