ИИМдин жана “Манас” аэропортунун кызматкерлери алмашты

Ички иштер министрлигинин орун басары Памир Асанов ээлеген кызматынан бошотулуп, анын ордун Эркебек Аширходжаев ээледи. Бул тууралуу 24.kg жазды.

Жаңы орун басар Эркебек Аширходжаев буга чейин Кой-Таш окуясынын айланасындагы иштерди иликтөөчү топту жетектеп келген.

Премьер-министр Садыр Жапаровдун чечими менен Алмазбек Орозалиев дагы кызматынан бошотулуп, ордуна Октябрь Нурмамбетов дайындалды.

Ошондой эле “Манас” Эл аралык аэропортунун башкармалыгынын төрагасы Мурат Примбердиев да ээлеген кызматынан өз эрки менен кеткендиги айтылууда. Анын ордуна Бактыбек Сыдыков дайындалды.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.