ИИМдин ички аскерлери Улуттук Гвардиянын курамынан чыкты

Кыргызстандын Ички аскерлери Улуттук Гвардиянын курамынан чыгарылат.  Мындай Жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгонун мамлекет башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Жарлыктын негизги максаты — коомдук тартипти, инсандын жана коомдун коопсуздугун камсыз кылуунун мамлекеттик системасын жогорулатуу.

“Өлкөнүн ички коопсуздугун камсыз кылуу,  жарандардын конституциялык укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу, инсандын, коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыктарын  коргоо. Ошону менен бирге мамлекеттик маанидеги объекттерди кайтаруу”-деп жазылган билдирүүдө.

Бул милдеттер мурда ИИМ менен катар дал ушул ички аскерлердин мойнуна жүктөлгөн. Бирок алардын Улуттук Гвардиянын курамында болушу  кесипкөйлүк мүмкүнчүлүктөрүн чектеп келген.

Белгилей кетсек, 2014-жылы аскердик реформалоонун алкагында Ички аскерлер Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн системасына кирген  Улуттук гвардиясынын курамына киргизилген.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген