ИИМ: Орхан Инандынын кош жарандыгы бар

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы жаран Орхан Инандыны уурдоо фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштү иликтөөдө.

Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, сотко чейинки процесстин жүрүшүндө, Орхан Инанды Түркиянын жаранынын паспортуна ээ болгон кезде, 2012-жылдын 28-июнунда Кыргыз Республикасынын ID паспортун жана 2012-жылдын 25-декабрында Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспортун алгандыгы аныкталды.

Орхан Инанды Кыргыз Республикасынын паспортуна ээ болуп, 2024-жылдын 23-сентябрына чейин жарактуу болгон Түркия Республикасынын паспортун колдонгон жана Кыргызстандын мамлекеттик чек арасынан 27 жолу өтүп, Азербайжан, Казакстан, Бириккен Араб Эмираттары, Орусияга учкан. 2014-жылдан 2018-жылга чейинки мезгилде Түркия жана Индияга барган.

2018-жылдан бери Орхан Инанды 9 жолу Кыргыз Республикасынын паспортун колдонуп, Орусия, Казакстан жана Индияга учуп баргандыгы аныкталды.

Ошентип, анын колунда Кыргыз Республикасынын жаранынын жана Түркиянын жаранынын паспорту болгон.

Белгилей кетчү нерсе, Орхан Инанды Түркияда туулуп-өскөн жана Түркия Республикасынын жарандыгынан чыккан эмес.

Мындан тышкары, 2019-жылы тиешелүү кызматтар тарабынан сотко чейинки процесстин алкагында Орхан Инанданынын Кыргыз Республикасынын паспортун алуу мыйзамдуулугу боюнча тергөө иштери башталган.

Эске салсак, Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган 5-июлда телеканалда түз эфирде атайын кызмат тарабынан жүргүзүлгөн атайын операция учурунда ФЕТОнун Борбор Азия боюнча башчысы Орхан Инанды колго түшүрүлүп, Түркияга алынып кеткенин айткан.

Инанды Бишкек шаарында 1-июнга караган түнү жоголгон.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.