ИИМ: коменданттык саатта 241 жаран кармалып, 12 унаа токтотулду

Түндө коменданттык сааттын талаптарын аткарбаган 241 жаран кармалып, 12 унаа токтотулду. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.

Алардын ичинен Бишкек шаары боюнча – 146,

Ош шаары боюнча -22,

Жалал-Абад шаары-24,

Сузак району боюнча-29,

Кара-Суу районунда-20,

Ал эми Ноокат району боюнча кармалгандар болгон жок.

Алардын бардыгына коменданттык сааттын талаптары менен эрежелерин бузгандыктары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, экинчи кайталанбоосу эскертилип, коменданттык сааттын аякташы менен кое берилди. Жалпысынан алганда эки күндүн ичинде өлкө аймагында 561 жаран коменданттык саатты бузгандыктары үчүн милициянын патруль тобу менен кармалды.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген