ИИМ коменданттык саат учурунда тартип бузгандар боюнча маалымат таратты

Өлкө аймагындагы өзгөчө абал киргизилген Бишкек шаары, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Ош шаарынын, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун жана Жалал-Абад шаарынын  аймактарында коменданттык саат учурунда тартип бузгандар катталды.

ИИМдин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, өлкө боюнча коменданттык сааттын талаптарын жана эрежелерин эскертүүлөргө карабай бузгандыктары үчүн ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнө 320 жаран жеткирилип, 9 унаа токтотулду.

  • Бишкек шаары боюнча – 193,
  • Ош шаары боюнча – 25,
  • Жалал-Абад шаары – 10,
  • Сузак району боюнча – 26,
  • Ноокат району боюнча – 1,
  • Кара-Суу районунда – 55.

Алардын баарына коменданттык сааттын талаптары менен эрежелерин бузгандыктары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, экинчи кайталанбоосу  эскертилип, коменданттык сааттын аякташы менен кое берилди.

“Өзгөчө абал жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 28-беренесине ылайык, тартипти бузууга жол берген адамдар милиция же аскердик патрулдар тарабынан коменданттык саат аяктаганча кармалат. Ал эми жанында документтери жоктор үч суткадан ашпаган мөөнөткө кармала тургандыгын дагы бир жолу эскертебиз”, – деп айтылат маалыматта.

ИИМ жарандарга кайрылат жана эскертет:

  • Өзгөчө абал боюнча мыйзамдардын талаптарын бузбоо жана зарыл иштери жок болсо үйдөн чыкпоо.
  • Социалдык тармактар аркылуу жалган маалыматтарды таратпоого чакырат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген