ИИМ фундаменталдуу реформага муктаж

Өткөн жылы түзүлгөн патрулдук милиция башкармалыгы өз жемишин берген жок. Акыркы айларда жол кырсыктары көп катталып, бир канча өмүрлөр кыйылды. Мындан улам коомчулук арасында аталган кызматтын ишине канаттанбагандар көбөйдү.

9-ноябрда премьер-министр Сапар Исаков Патрулдук милиция башкармалыгын жоюп, аны Жол коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалык деп кайра түзүү тууралуу токтомго кол койгон. Исаков аталышы өзгөргөн мекемеде репутациясы булганбаган адистер иштейт деген ишенимин билдирди.

Ал эми талдоочулар ИИМде бир эле патрулдук милиция башкармалыгына басым жасабай, фундаменталдуу реформаларга көңүл буруу керектигин айтышат. Ал үчүн мамлекеттик казынадан ири өлчөмдө каражат бөлүнүп, кадрдык саясатты түп тамыры менен өзгөртүү керек.

Патрулдук милиция башкармалыгын түзүү үчүн мамлкеттик казындан миллиондогон акча бөлүнгөн. Бирок өкмөттүн көздөгөн максаты жемишин берген жок. Андыктан айрым талдоочулар жаңы түзүлгөн жол коопсуздук кызматынын иши илгерлеп кетишине көз жетпейт дешет. Мындан улам бул реформа дагы майнапсыз болот деген ойлор айтылууда.

Президент Алмазбек Атамбаев Ички иштер министрлигин реформалоо керектигин буга чейин айтып, азыркы министр Улан Исраиловду кызматка алып келген.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген