ИИМ чет өлкөлүктөргө берилген паспортторду текшерет

Ички иштер министрлиги чет элдиктерге Кыргыз паспортун берүү мыйзамдуулугун текшерет. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматынан билдиришти.

«Сотко чейинки процесстин жүрүшүндө, Түркиянын жараны Орхан Инанды 2012-жылдын 28-июнунда КРнын ID-паспортун жана 2012-жылдын 25-декабрында КРнын жалпы жарандык паспортун алгандыгы аныкталды. Учурда паспорттордун мыйзамдуулугу текшерилип жатат. Мындан тышкары, сотко чейинки процесстин алкагында ички иштер министрлиги чет өлкөлүк жарандарга КРнын жаранынын паспортун берүү мыйзамдуулугун текшерет ”, – деп айтылат билдирүүдө.

Министрлик белгилегендей, алар чет өлкөлүк жарандарга, мурда соттолгон жана издөөдө жүргөн адамдарга, ошондой эле уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө паспортторду мыйзамсыз берүү менен байланышкан коррупция, шалаакылык жана кызмат адамдарынын кыянаттык менен пайдаланган фактыларын бир нече жолу аныкташкан.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.