ИИМ: Баткен облусунда абал туруктуу

Баткен облусундагы жарандардын коопсуздугу күч структураларынын толук көзөмөлүндө. 3-майга карата облустун кыргыз-тажик чек арасындагы бардык райондорунда жана айылдарында абал туруктуу. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан билдиришти.

Билдирүүдө айтылгандай, чек арадагы айылдардын коопсуздугун ички иштер кызматкерлери жана башка коопсуздук органдары көзөмөлдөп турушат.

Инспекторлор посттордо жана чек ара аймактарында коопсуздукту күчөтүүдө. Ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков кайгуул күзөт кызматы, ыктыярдуу элдик сакчылар менен биргеликте, кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышуулар болгон айылдарды кыдырып, жарандар менен жолугушуп, жер-жерлерде коопсуздукту жана ар кандай укук бузууларды алдын-алууда түшүндүрүү иштерин алып барышууда.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.