ИИМ: Баңгизаттарды ташыган туруктуу каналга бөгөт коюлду. Видео

Баткен облусунда баасы 70 миң долларлык баңгизатты жашырган жарандар колго түштү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Тажикстандан Кыргызстандын аймагына жана башка өлкөлөргө баңгизаттарды ташыган афган түспөлүндөгү кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн ишмердүүлүгүн аныктоо, бөгөт коюу жана жоюу боюнча атайын операция ийгиликтүү аяктады. Операция ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Ош облусу жана Ош шаары боюнча башкармалыгынын кызматкерлери жана Мамлекеттик бажы кызматынын Баткендеги башкармалыгы тарабынан уюштурулган.

“Лейлек районунда жүргүзүлгөн атайын тергөө амалдарынын жыйынтыгында, баңгизаттарды сактоого шектелип Лейлек районунун 43 жана 48 жаштагы жашоочулары кармалган. Шектүүлөр баңги кылмыштуулугу боюнча уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөлөрү болушат.
Андан сырткары, кызматтык итти колдонуу менен тинтүү иштерин жүргүзүү учурунда үйүндөгү бактын алдына көмүлгөн өзгөчө жыты бар таңгакталган баштык табылган.
Соттук-химиялык эскпертизанын корутундусуна ылайык, 5 килограмм 873 грамм салмактагы апийим жана 3 килограмм 916 грамм болгон афган түспөлүндөгү гашиш табылды”,-деп билдирди ИИМ.

Кармалган жарандар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, аталган кылмыш ишине тиешеси бар башка шектүүлөрдү аныктоо боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.

ИИМден кошумчалангандай, көмүскө базарда жогорудагы табылган баңгизаттардын жалпы салмагынын баасы 70 000 АКШ долларын түзөт.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.