Ички иштер министрине Бурулайдын атасынын пикирин угуу тапшырылды

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге Жайыл райондук милиция бөлүмүндө киши колдуу болгон студент Бурулайдын атасы Турдаалы Кожоналиев менен көзмө-көз жолугушуп, анын жүйөлөрүн угууну тапшырды.  Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, министрге соттук-медициналык экспертизанын тыянагын терең изилдөө боюнча да тапшырма берилди.

Абылгазиев Бурулай Турдаалы кызынын өлүмү өзүнүн көзөмөлүндө экенин жана кылмыш иши аягына чыгаарын билдирди. Ал кыздын өлүмүнө шектүү адам жана башка бардык күнөөлүүлөр мыйзамга ылайык жазасын алаарын кошумчалады.

Быйыл 27-майда Жайыл райондук ички иштер бөлүмүндө Медициналык коллеждин 20 жаштагы студенти Бурулай Турдаалы кызы өлтүрүлгөн. Чүй облустук ички иштер башкармалыгы аны ала качып бараткан жигит кармалгандан кийин милиция бөлүмүндө кызды бычактап, өзүнө да кол салганын билдирген.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген