
Ибрагим Жунусов Кыргызстандын Өзбекстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон.
Ал буга чейин Кыргызстандын Туркиядагы элчиси болуп иштеп келген.
Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси болуп буга чейин Данияр Сыдыков иштеген. Ал быйыл 5-мартта КР президент аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалгандан бери орду бош турган.
- 04.12.2018