Хожаи-Ало – Ворух жана Ак-Сай – Тамдык багыттарында өтмөк ачылды

Ак-Сай жана Ворух эки айылынын чек арасында эки өлкөнүн өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу КР УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматта, Хожаи-Ало – Ворух жана Ак-Сай – Тамдык багыттарында өтмөк ачык экени көрсөтүлгөн.

Мындан тышкары, саат 8.00дөн баштап, тараптар кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында биргелешкен күзөттөрдү өткөрүшүүдө.

Азыркы учурда мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги абал туруктуу деп мүнөздөлөт.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.