Хоккей: дүйнө чемпионаты Бишкекте өтөт

Хоккей боюнча IV-дивизиондогу өлкөлөр арасында дүйнө биринчилиги 3-марттан 5-мартка чейин Бишкек шаарында өтөт. Бул тууралуу жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги кабарлады. 

Дүйнөлүк чемпионатта Малайзия, Кувейт, Филиппин жана Кыргызстандын курама командалары катышат. Эрежеге ылайык, алар бири-бири менен 1 айлампа оюн өткөрүп, жеңүүчү упайлар эсебинде аныкталат.

Мелдештин программасы төмөнкүдөй:

3-март, 17:00 – Малайзия – Кувейт;

20:00 – Кыргызстан – Филиппин;

4-март, 17:00 – Филиппин – Кувейт;

20:00 – Кыргызстан – Малайзия;

5-март, 15:00 – Филиппин – Малайзия;

18:00 – Кыргызстан – Кувейт.

Жыйынтыгында 1-орунду алган команда III-дивизиндогу өлкөлөрдүн катарына кошулат.

Хоккей: Кыргызстан курама командасын дүйнө биринчилигине орусиялык адистер даярдоодо

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген