“ХБКовская Бема” кайрадан кылмышка аралашты

Буга чейин теңтуш кызын канжалата уруп, социалдык тармактын жылдызына айланган  “ХБКовская Бема” каймана атка ээ болгон өспүрүм кыз кайрадан кылмышка аралашты. Бул тууралуу Ош ШИИБ басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Ош шаарындагы Масалиев көчөсүндөгү  батирге  каракчы топ тоноого кирген. Каракчы топ,  21 жаштагы үй ээсинин 1500 АКШ долларын,  кымбат баалуу чөнтөк телефонун, 13миң сом акча  жана баалуу буюмдарын алып чыгып кетишкен. Бул топ уй ээсине бычак кезешип коркутушкан.

Мындан көп өтпөй, Ош ШИИБнын ыкчам тобу  шектүү катары беш адамды кармаган. Кылмышка шектүү  топтун ичинде, кыздардын мушташына катыштыгы бар  “ХБКовская Бема” ат менен таанымал өспүрүм кыз да бар болгон.

Учурда бул окуя боюнча, кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө.

Эске салсак, жыл башынан бери өспүрүмдөрдүн катышуусунда  156 кылмыш иши катталган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген