Гульнура Төралиева: башка адамды кемсинтүүгө эч кимдин укугу жок!

Facebook колдонуучусу Гульнура Төралиева Кыргызстандагы убактылуу кармоо жайларындагы, абактардагы шарттын начардыгы тууралуу пост жазып, адам укуктары жана бул үчүн күрөшүп келе жаткан укук коргоочулар тууралуу өз ою менен бөлүштү:

Азамат Аттокуров (Бишкекте өткөн сөз эркиндиги боюнча жөө жүрүштө кармалган – “Ынтымак”) Бишкектеги кабыл алуу-бөлүштүрүү жайындагы абалга коомчулуктун көңүлүн бурдурууга аракет кылып жатат. Албетте, ал биринчи да, акыркы да эмес. Бирок анын ой жүгүртүүсү менде чоң ишеничти чакырат, анткени ал ошол жакта отуруп чыкты, убактылуу кармоо жайындагы абалды кароо анын функционалдык же кесиптик милдети эмес жана ал кофе сортторун билген көп фейсбукчандардын бири. Мен мурдатан бул көйгөйдү көтөрүп келе жаткан укук коргоочулардын эмгегин тебелегим келбейт. Учурдан пайдаланып, аларга ыраазылык билдирем.

Кабыл алуу-бөлүштүрүү жайындагы шарттар кылмышкерлер үчүн туура эле келет деген пикирлер таң калтырат:

– Айрымдар адамга ылайыктуу шартты талап кылганга нааразы болуп, “кылмышкерлер курорттогудай жашабай, жазасын алышы керек дешти”.

Бул логикага таянсак, алардын адамдык абийирин күндө кемсинтип туруубуз керек экен. Эмне үчүн кылмышкерлерди кемсинтүү керек? Мен аларды бошотуп же жашоого ыңгайлуу шарт түзүү ж.б. керек дебейм. Мен башка адамды кемсинтүүгө эч кимдин укугу жок экенин айткым келет!

Биз аныктап алышыбыз керек: биз аларды абакка жазалаш үчүнбү, же кайра тарбиялап, мыйзам-эрежелер менен жашоогоо көндүрүп, коомго кайтарүү үчүн камайбызбы?

Өнүккөн өлкөлөрдө жарандарды реабилитациядан өткөрүү үчүн обочо кармашат. Мисалы, Норвегияда (Гульнура Төралиева айткан Норвегиянын абактары жана Кыргызстандагы жайлар сүрөттөрдө көрсөтүлгөн – Ынтымак”)  отуруп чыккандардын 20%ы гана кайрадан темир торго барат. Ал эми соттолгондорду кармоо шарттары начар өлкөлөрдө кайрадан кылмыш жасагандардын көрсөткүчү бир топ жогору.

– Түрмөгө начар тарбия алган же мыйзамды бузгандар же акыл калчап эле кылмышка баргандар түшөт деген дагы бир аргументти окудум. Абактан же кедейчиликтен эч ким корголбогон. Мыйзам бузбадык, камалбайбыз деп жазып жатышат. Алар мыйзамдар атайылап бузулбай турганын унутуп калышканбы? Кокустукчу? Жалган жалаа? Саясий куугунтуктар? Мен сот системасындагы коррупция жана адилеттүүлүк тууралуу ооз ача элекмин. Эффективдүү системада деле эч ким корголбогон.

– Укук коргоочулар акча үчүн кыйкырып чыгууда же алар бул үчүн ири грант алган. Чынында, муну окуй албайм.

Биринчиден, эң сонун билимге ээ укук коргоочулар “оңой” акча табуу мүмкүнчүлүгү бар туруп, түнү-күнү сот, убактылуу кармоо жайлары, абактар, чатак орун алган кооптуу жерлерге ж.б. жактарга барбай, өзү үчүн кызыктуу иш деле таап алмак. Бул адамдар системага каршы коркунучтар, тобокелдиктер тууралуу бизге караганда кенен жана терең ой жүгүртүшөт, өздөрү же гомосексуалдар, “АКШнын агенттери”, ЦРУ тууралуу гана эмес, ар бир жаран тууралуу тынчызданышат. Алар адамдарды улуту, расасы, саясий ишенимдерине карап бөлбөйт. Алар үчүн ар бирибиз – укугу, эркиндиги сыйлоого татыктуу жаранбыз.

Экинчиден, грант алуу – демилеглерди ишке ашыруучу атайын шык – фандрейзинг. Бул аябай ткөп күчтү талап кылган татаал жараян. Бүт дүйнөдөгү бейөкмөт уюмдар фандрейзинг менен алек, көбүнчө катардагы адамдар же мамлекеттен акча алышат, анткени ал жакта уюмдарын ролун жакшы түшүнүшөт. Бейөкмөт уюмдарды бир тараптуу каралай берүү – партиоттуулука жатпайт, аягы жакшы бүтпөйт. Бирок бир окуяга кабылсак, ар бир бирөөбүз укук коргоочулар, акысыз юрист же чындыкты айтуудан коркпогон адамды издеп калабыз. Жүрөк түпкүрүндө алар анык идеялар  үчүн иштеген патриоттор экенин түшүнөбүз.

Бир  кумалак бир карын майды чиритет, муну субъективдүүлүккө айыптабаш үчүн айта кетейин.

Мен Нурбек Токтакуновдун баштаган ишин уланткым келет – сапаттуу дисскуссия жүргүзүүнүн үлгүсү ал.

P.S.  мен укук коргоочу эмесин, теориянын тууралыгына, академиялуулукка талпынбайм. Бул менин жеке байкоом.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген