Грузияда таштандыга ыргытылган жумурткалардан жөжөлөр ачып чыкты

Грузиянын Марнеули шаарындагы таштанды челектерге ыргытылган жумурткалардан жүздөгөн жөжөлөр ачып чыкты. Жөжөлөрдүн шаар аралап чуркап жүргөнүн жергиликтүү тургундар видеого тартып, Facebook социалдык тармагына таратышкан.

Марнеулинин мэри Тимур Абазов бул окуяны ары таң калыштуу, ары керемет көрүнүш деп атап, жөжөлөр таштандыдан баштап шаардын борборуна чейин жеткендигин белгиледи.

“Мага жеткен маалыматтар боюнча, тоок ферма кызматкерлери жумурткаларды жараксыз деп эсептеп, таштандыга ыргытышкан. Таштанды таштоочу урнанын ичи ысык болгондуктан, жөжөлөр ачып чыгып, ушундай окуяга туш болдук. Учурда жөжөлөрдү шаар тургундары бөлүп алышты”,- деп билдирген мэр Абазов.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген