Гриппке каршы эмдөө бардык аймактарда акысыз жүргүзүлөт

Сасык тумоого каршы эмдөө өлкөнүн бардык аймактарында акысыз жүргүзүлөт. Бул тууралуу Премьер-министр Кубатбек Боронов брифингде билдирди.

Ал эмдөө үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунда, ФАПтарда жүргүзүлөөрүн айтты.

“Сасык тумоодон же грипптен жана COVID-19дан оорунун күчөп кетишин болтурбоо максатында Өкмөт эл ичинде 16-сентябрдан баштап профилактикалык эмдөө иштерин жүргүзүп жатат”, – деди Кубатбек Боронов.

Ал эгерде тийиштүү шарттары бар болсо, айрым жеке саламаттык сактоо уюмдарына эмдөө иштерин жүргүзүүгө уруксат берилгендигин белгиледи.

Бишкек шаарында – 10 жеке медициналык борбор;
Ош шаарында – 6 жеке медициналык борбор;
Жалал-Абад, Баткен, Таласта – Цадмир жеке медборбордун филиалы;
Нарында Бонецкий лабораториясынын филиалы.

Буга чейин сезондук гриппке каршы вакцина өлкөгө алынып келе баштаганын Саламаттыкты сактоо министрлиги маалымдаган. Республикалык штабдын жыйынында аталган вакцина сасык тумоо жана курч респиратордук вирустук инфекциядан коргонууга жакшы жардам берээри айтылган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген