Германиянын 58 млн адамына коронавирус жугушу мүмкүн

Германиянын канцлери Ангела Меркель калктын 70 пайызына, башкача айтканда 58 млн адамга коронавирус жугушу мүмкүн экенин эскертти. Мындай көңүл түшүргөн божомолду Меркель шейшембидеги басма сөз жыйынында жасады. Басма сөз жыйынын саламаттыкты сактоо министри Йенс Шпан менен чогуу берди.

Коронавируска каршы дары табыла элек болгондуктан негизги күрөш анын тарашын токтотууга багытталууда.

“Биз убакыттан утушубуз керек”,-деп түшүндүрдү Германия канцлери.

Германияда шаршембиде өлкө батышындагы Хайнсберг шаарында коронавирустан үчүнчү бейтап каза тапканы белгилүү болду. Буга чейин ушул эле аймактан 78 жаштагы бейтап жана Эссен шаарынан 89 жаштагы кемпир каза тапкан болчу.

Жалпысы болуп Германияда коронавируска чалдыккан 1296 учур катталды. Бул сандарды инфекциялык ооруларды изилдеген Роберт Кох институту жарыялады.

Басма сөз жыйынында Ангела Меркель чек араларды жабуу оорунун тарашын токтотууга жетишсиз деп эскертти. Бул темада канцлер биринчи жолу билдирүү жасады.

“Бул биздин тилектештигибизди, акылыбызды жана бири-бирибизге камкордугубузду сыноо болуп жатат. Буга туруштук бере алабыз деп үмүттөнөм”,-деди ал.

Мындай өзгөчө кырдаалда өкмөттүн алдындагы негизги приоритет – эпидемияны токтотуу, деп белгиледи канцлер.

Шаршембиде Берлиндин бийлиги миңге чукул кишиге чейин топтолгон иш-чаралардын баарына тыюу салды.

“Коронавирустун жайылышы токтогон жок. Бул стадияда коомдук турмуш чектелиши керек. Вирустун тарашын ири иш-чараларды кыскартуу менен жайлата алабыз. Эпидемиянын башталышында мында чектөөлөр өтө маанилүү”,-деди шаардын саламаттыкты сактоо тармагынын жетекчиси Дилек Калайчи.

Материал ББС Кыргыз кызматына таандык.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген