Германиялык саякатчы Ошту кыдырууда. Видео

Германиялык саякатчы Юрген Манд Ош шаарына май айында велосипед менен келген. Ал Германиядан жолго чыгып, Ошко чейин бир ай бою жол жүргөн. Ал кесиби боюнча IT-адис. Юрген жүздөгөн километрлерди артта калтырууну максат кылып, узак мөөнөттү саякатын баштаган. Ош шаары аны тарыхый мурастары менен таң калтырган. Эми ал Алай- Сары-Таш жолун аралап Кытайга барууну көздөп жатат.

Видео: Кымбат Адисамат уулу

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген