Германиядагы кыргызстандыктар кабарлайт. Абал кандай?

Германияда коронавирус жуктурган адамдардын саны 100 миңден ашты. Анын 25 миңден ашыгы айыкса, бир жарым миңден ашыгы каза болду. Бир ай башта эле инфекциялык ооруларды изилдеген Роберт Кох институту коронавируска чалдыккан адамдардын саны миңден жаңы эле өткөнүн жарыялаган. Демек азыркыга чейин бул өлкөдө күнүнө 3 миңден ашык адам вируска чалдыгып атты. Ошентип Германия бул сандар менен, ооруну жуктурган АКШ, Испания, Италиядан кийинки 4-орунга чыкты.

Германиянын Федералдык Өкмөтү жугуштуу оорулардан коргонуу жөнүндөгү мыйзамга түзөтүү киргизип, өлкө аймагындагы бийлик укугун кеңейтти. Ошондой эле кишилер менен транспорттун кыймылына чектөө киргизип, ыңгайсыздыктарды жаратууга аргасыз болду. Бул жакта да башка мамлекеттердей эле кафе-ресторандар, чачтарачканалар жана башка салондор жабылып, иштебей турат. Бирок азык-түлүк, дары-дармек соодасына, ооруканаларга каттоого шарт түзүлгөн.

Дилнура Бектурган кызы Германиянын түндүк тарабындагы Киил шаарында бир жылдай убакыттан бери жашап, иштейт. Анын айтымында, өлкөдөгү курчуган акыркы кырдаал ал жактагы боордоштого да таасирин тийгизген.

“Германиядагы кыргыздардын азыркы абалы жакшы. Мындан 1-2 жума башта башкалардай болуп, дүрбөлөңгө түшкөн. Бирок азыр салыштырмалуу жакшы. Өзү бул жакта биз үйлөрдө эле отурабыз. Эшикке азык-түлүккө эле барып келебиз. Анда да сөзсүз беткап тагынып, санитардык нормаларды сактап дегендей. Ошону сыңарындай эле, мен дагы ошондой кылам”,-деди Дилнура Бектурган кызы.

Канцлер Ангела Меркель Германия калкынын 70 пайызына коронавирус жугушу мүмкүн экенин катуу эскерткен. Бул – 58 миллион адам. Мындай кайрылуусунан аз өтпөй, Меркель өзү да карантинге алынды. Ага эмдөө жасаган дарыгерден коронавирус табылганы себеп болгон. Анын алгачкы тапшырган анализдери таза чыкканы айтылган. Ошентип ал өз милдетин карантинде аткарды.

Германиянын Аберталь шаарчасында жашаган дагы бир боордошубуз Сейитбек Рустамбек уулу менен чакан маек курдук. Ал 5 айдан бери ошол жакта. Сейитбек өзү байкагандарды мынтип айтып берди:

“Бул жакта банктар, супермаркеттер анан аптекалар иштеп атат. Банктарга барып акча алып турабыз. Ал жерде мен байкагандай, минута сайын аарчып-тазалап атышат. Магазиндерге барып калганда, ал жердин кызматкерлери адамдардын кезекке туруганын көзөмөлдөп, аралыкты сактагыла деп түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат. Анан бул жакта ресторан, бар, кафелерге барышса, 4 миң еврого чейин айып салышат. Германиядагы кыргыздардын өз ара группаларыбыз бар. Ошолордон жазышып, бири-бирибизден кабар алып турабыз. Баары жакшы”,-дейт Сейитбек Сталбек уулу.

Сейитбек айткандай, өлкөнүн айрым аймактарда тургундар бир топ ызы-чууга түшсө, айрым шаарларда көп деле дүрбөлөңгө алдырышкан жок. Ал жүргөн жерде баары тынч.

Германияда абалга жараша экиден көп адамга чогулууга тыюу салынган. Бирок бул эреже бир үй-бүлө мүчөлөрүнө тиешелүү эмес. Кишилер кайда болбосун 1,5 метрлик аралыкты сактоого милдеттендирилген. Азык-түлүк дүкөндөрү жабылгандыктан, тамак-аштарды буйрутма менен үйлөрүнө алдырышууда. Учурда бул өлкө жолдорго диагностикалык постторду орнотуп, аптасына 160 миңден ашык кишини тесттен өткөрүүдө.

Эрланген шаарында жашап, медицина жаатындагы иштеген Гулиза Самидин кызы Германиянын ооруканаларындагы көрүнүштү кыскача сүрөттүп берди.

“Өзүм бул жакта ооруканада иштейм. Оорулууларды көргөнү келген жакын туугандары, достору киргизилбейт. Бир гана ооруканада иштеген медицина кызматкерлер гана кире алышат. Ал эми кайсы жерге барбайлы, мисалы: супермаркеттерде, ооруканаларда, лифттерде “Араңарды 2 метрге чейин сактагыла!”, “Абайлагыла!”, “Ден соолукта болгула!” деген эскертүү жазууларды көрүүгө болот”,-деди Гулиза Самидин кызы.

Германиянын башына Экинчи дүйнөлүк согуштан бери азыркыдай алаамат түшкөн эмес. Буларды канцлер Ангела Меркель айтып, “Биз, бул кризисти жеңээрибизге толук ишенем, бирок курмандыктардын саны канчалык чоң болот? Биз канча сүйүктүү адамдарыбызды жоготобуз?”,-дегени элге катуу эскертүү болду.

Евробиримдик мамлекеттеринде коронавирус жугузуп алгандардын саны 600 миңден ашып, 40 миңден ашууну көз жумду. Бул пандемия – Эл аралык саясий эле эмес, экономикалык алып-сатуу байланыштарды да дээрлик токтотуп салды. Азыр ар бир мамлекет аны менен өз алдынча күрөшүп жатат. Бул вируска дары табыла элек болгондуктан, дүйнө жүзүндөгү негизги күрөш – анын тарашын алдын алуу менен токтотууга багытталууда.

Коронавирус: Канададагы кыргыздар кабарлайт

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген