Германияда суу ташкынынан кийин 1000ден ашуун адам дайынсыз жоголду

Германиянын батышындагы Ахрвейлер аймагында суу ташкынынан кийин 1,3 миңге жакын адам дайынсыз деп эсептелүүдө, 3,5 миңден ашуун адам убактылуу жайга эвакуацияланган. Бул тууралуу жергиликтүү бийликке шилтеме берүү менен Deutsche Welle билдирип жазды.

Белгиленгендей, бул аймакта уюлдук байланыш иштебейт, ошондуктан бийлик дайынсыз жоголгон адамдар өздөрүнүнүн турган жери жөнүндө маалымат бере албай жатышат деп үмүттөнүүдө.

Акыркы маалыматтар боюнча, батыш Германияда нөшөрлөп жааган жамгырдын жана суу ташкынынын кесепетинен кеминде 58 адам каза болду.

Эйфел аймагында жергиликтүү бийлик Рур дарыясындагы дамбадан суу ашып баштагандыктан, жаңы ири масштабдуу суу ташкындарынан коркушат. Дамбанын аймагындагы айылдар буга чейин эвакуацияланган, бирок эскертүү эми дарыянын жээгиндеги шаарларга жайылтылды. Энергетика компаниясы алдын алуу максатында электр жарыгын өчүрүп салышы мүмкүн деп эскертти.

Энон энергетикалык компаниясынын маалыматы боюнча, учурда батыш Германияда 165 миңге жакын адам суу ташкынынан улам электр жарыгы жок калышты.

Синоптиктер жамгыр жакынкы күндөрү дагы уланаарын божомолдошууда.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.