Гемодиализге кезек күткөндөрдүн саны өстү. Видео

Статистикалык маалыматтарга ылайык, быйыл өлкө аймагында гемодиализге кезек күткөндөрдүн саны 634 гө жеткен. Былтыры бул сан 280 болчу. 

Мындан улам, бөйрөк оору өтө тездик менен көбөйүп жаткандыгын байкоого болот. Бирок, өлкө боюнча оорулуулардын муктаждыгын кандырууда гемодиализ аппараты жетишсиз. Ал эми жеке менчик медициналык борборлордо бир жолку гемодиализ алуу процедурасы 5000 сомду түзөт. Бул сумма карапайым калктын чөнтөгүнө туура келбегендиктен, нааразычылыктар жаралууда.

“Өңүт” программасы ушул маселеге токтолуп, тиешелүү кызмат жетекчилерине  суроо салды. Маекти толугу менен  видеодон көрүңүздөр.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген