FB Twitter YouTube Одноклассники

Гемодиализге байланган өмүрлөр

Гемодиализге байланган өмүрлөр



Кыргызстанда 764 адам бөйрөктүн өнөкөт оорусу менен жабыркайт. Жашаш үчүн органды алмаштыруу керек же канды жасалма жол менен тазалап туруу зарыл. Бул процедура гемодиализ деп аталат, ал атайын жабдыктын жардамында бюджеттик каражатка сатылып алынган кымбат дарылар менен жасалат.
Туптуура 84 жыл мурун Украинада адамга бөйрөк алмаштыруу боюнча алгачкы операция жасалган. 1933-жылдын 3-апрелинде Херсонес шаардык ооруканасында дарыгер Юрий Вороной 26 жаштагы кызга 60 жаштагы кишинин бөйрөгүн салган. Жаңы бөйрөк менен оорулуу кыз эки сутка гана жашаган. Антсе да бул операциянын медицинада орду чоң эле.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун эсебинде. жыл сайын дүйнөдө бөйрөй алмаштыруу боюнча 70 миңдей операция жасалат. Кыргызстан болсо ички органдарды алмаштыруу боюнча кошуна өлкөлөрдөн бир топ артта баратат. Өлкөдө тиешелүү жабдыктар жана адистер жок. Жыл сайын жүздөгөн бейтаптар кымбат баалуу операция үчүн чөт өлкөгө аттанышат.
Акысыз диализге 13-болуп кезекте турам. Бир процедура 6 миң сом ($86), а мен аптасына үч жолу алышым керек. Ага кошумча жолго аптасына 2 миң сом ($28) кетет. Мамлекеттен дары алам, бирок ал ашып кеткенде үч айга жетет.
Зафар Болтаев – бөйрөк алмаштыруу операциясын жасаткандардын бири. Ал 2005-жылы ооруп калган, ал кезде 25 жашта эле. Башында өзүн алсыз сезип, кийин кан басымы көтөрүлүп, ага улай катуу баш оору пайда болгон.

- Менин эки бөйрөгүм тең ооручу. Бул дегени алар бара-бара иштен чыгып жатат деген сөз эле, -дейт Зафар.

Жигитке токмоктук Алижан Ибрагимов деген меценат өмүр "тартуулады". Анын жардамы менен Зафар азыр тирүү жана тогуз айлык уулун тарбиялап жатат. 2011-жылы Болтаевге Пакистанда операция жасалды. Бөйрөктү тирүү донордон алышкан.

- Ичинде кимдин бөйрөгү "жашап жатканы" тууралуу бейтаптар ойлонбогонго аракет кылышат. Дарыгерлер да бул теманы ачыкташпайт. Органды алмаштыруу операциясынан кийин адамды кантип жашап кетем деген суроо гана ойлондурат, - дейт Зафар.

2011-жылдан бери 4 жыл бою ал диализсиз жашады. Бирок 2015-жылы Болтаевдин саламаттыгы кескин начарлап, ал беш күн комада жатты – бөйрөктү организм түртө баштады. Улуттук госпиталдын дарыгерлери ага "үчүнчү" өмүрдү белек кылды.

Азыр Зафар диализди акы төлөп алат. Аптасына үч жолу ал атасы менен чогуу Токмоктон Бишкектеги жеке клиникалардын бирине процедурага каттайт (75 чакырым). Жолго жарым саат кетет, унаа тыгыны болсо, андан көбүрөөк. Оорукананы тандоо жок. Диализ үчүн жабдылган клиникалар борбордо гана бар.

- Акысыз диализге 13-болуп кезекте турам. Бир процедура 6 миң сом ($86), а мен аптасына үч жолу алышым керек. Ага кошумча жолго аптасына 2 миң сом ($28) кетет. Мамлекеттен дары алам, бирок ал ашып кеткенде үч айга жетет. Аны ар бир 12 саатта ичем. Калганын өзүбүз сатып алабыз. Мисалы, «Селлсепт» 4 миң сом ($57) турат. Ушул пачкасы 12 күнгө жетет. Мурда атамдын чарбасы бар эле, баарын сатып бүттүк. Азыр жакын адамдар, досторум жардам беришет. Аларга рахмат, - дейт Болтаев.


Жашоом талкаланып кеткен жок. Өмүрдү сүйүп, оптимист болгон үчүн эмес... ошолор деп жашай турган адамдарым бар.
Зафар Болтаев
Саламаттык сактоо министрлигинин 2016-жылдагы маалыматы боюнча Кыргызстанда эки миңге чукул киши өнөкөт бөйрөк оорусунан жабыркайт. Ал эми гемодиализде кезекте тургандардын саны 700-800гө жетет. Алардын ичинен мамлекеттик бюджет эсебинен 552 бейтап гемодиализ алып, 118 оорулуу – кайтарымдык жеңилдетилген дарылоодо турат. ММКФ эсебине ылайык, 118 өнөкөт оорулуунун муктаждыгын каржылоо айына 6 миллион 938,4 миң сомду түзөт.


Бөйрөк алмаштыруу үчүн чет өлкөгө
Кыргызстандын жүрөк хирургиясы жана трансплантациялоо илимий-изилдөө институту бөйрөк алмаштыруу боюнча гана операцияларды жасайт. Адистердин жана каржылоонун жоктугунан башка органдарды алмаштырууга мүмкүнчүлүк жок. Бүгүнкү күнгө карата республикада органын алмаштырган 203 адам жашайт. Алардын көбү чет өлкөдө операция жасаткан. Кыргызстандыктар көбүнчө операция наркы 25 миң доллардан башталган Түркияны тандайт. Баса, Кыргызстанда бөйрөк алмаштыруу - 9 миң доллар.
Бөйрөк алмаштыруу канча турат?
Казакстан
Башка өлкөлөргө салыштырмалуу Какзакстанга баруучулар арбын. Бул өлкөдө бөйрөктү трансплантация кылуу 11 миң доллардан жогору турат. Казакстанда оорулуу бөйрөгүн алмаштыргандан кийин дарылардын баарын мамлекет алып берет. Өлкөдө бөйрөгүн алмаштырууга 3 миңден ашуун адам муктаж.
Тажикстан
Алгачкы бөйрөк алмаштыруу операциясы Дүйшөмбү шаарында 2009-жылы ишке ашкан. Жылына болжол менен 100 тажикстандык бөйрөгүн алмаштырат. Алардын 20 %ы гана чет элге барып, 20-60 миң долларлык операцияларды жасатса, Дүйшөмбүнүн өзүндө операция чыгымы 10 миң доллардын тегерегинде.
Белоруссия
Белоруссияда бөйрөк алмаштыруу баасы 40 доллардан башталат. 2015-жылы бул өлкөдө 333 жолу бөйрөк алмаштырган операция жасалган. Ал эми төрт жыл ичинде минден ашуун бөйрөккө трансплантация болгон. Алгачкы бөйрөктү алмаштыруу Белоруссияда 1970-жылы болгон.
Кыргызстандын жарандары кымбат клиникаларда операция жасаткан менен, 2009-жылдан бери өлкөдө бөйрөктүн өнөкөт оорусунан 17си каза болду. Себеби - дарылардан акча үнөмдөө
Кыргызстанда бейтап менен донордун дал келүүчүлүгүн аныктап берген заманбап жабдыктар жок, операциядан кийин реабилитациялоого шарттар жок. Органды алмаштыргандан кийин ичүү керек болгон дарылар да жеткиликсиз, - дейт "Жашоого үмүт" коомдук бирикмесинин башчысы Уран Ибраимов. Ал 10 жыл мурун бөйрөгүн Кытайда алмаштырган. Азыр Ибраимов донорун күткөн жана операция болгон адамдарга жардам көрсөтөт.

Бирок Кыргызстандын жарандары кымбат клиникаларда операция жасаткан менен, 2009-жылдан бери өлкөдө бөйрөктүн өнөкөт оорусунан 17си каза болду, алардын 8и быйыл жарыкчылык менен кош айтышты. "Жашоого үмүт" коомдук фонду ушундай маалыматтарды берди. Ушул убакыт аралыгында 15 бейтаптын организми донор бөйрөгүн түртүп салды, быйыл алардын саны сегизге жетти. Себеби – дарылардан акча үнөмдөө. Жыйынтыгында бейтаптар кайрадан диализге көз каранды болуп калышат.

Ибраимовдун айтымында, дарынын кымбаттагы - эң негизги көйгөй. Бир айлык дарылануу баасы миң долларга жетет.

- Бейтаптар дарыдан акча үнөмдөшөт, а мынтүүгө таптакыр болбойт. Дарыны бир эле жолу ичпей коюудан салынган органды организм түртө баштайт, - дейт ал.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин расмий маалыматында, өткөн жылы 137 бейтапка мындай дарыларды (иммуносупрессор) сатып алууга бюджеттен 10 млн 800 миң сом ($156 500) каралган. Бирок оорулуулардын саны 58ге көбөйдү. Башкача айтканда, жашоо үчүн аябай керек болгон бул дарылар бейтаптарга бир же эки айга гана жетет.

Министрликтин медициналык жардам көрсөтүү жана дары саясатынын сапаты бөлүмүнүн башчысы Талант Арстанкулов билдиргендей, 2017-жылы бейтаптарды иммуносупрессорлор менен камсыздоого кошумча 20 млн 400 миң сом ($295 миң) каралат.

Бирок мында дагы бир көйгөй бар. Ал дарыны министрлик тендер аркылуу сатып алат. Уран Ибраимовдун айтымында, мамлекеттик сатып алуулар аркылуу алынган иммуносупрессорлордун баасы 3-4 эсеге кымбатка түшөт.

- Мисалы, Түркияда "Програф" Саламаттыкты сактоо министрлиги сатып алгандан үч эсе арзан. Тендер боюнча быйыл бул дарынын 1 миллиграммына 9 555 сом ($138) беришти. Ушул эле дарыны биздин бейтаптар Түркиядан 3000 сомго ($43) сатып алышат, – деди Ибраимов.

Саламаттыкты сактоо министрлиги сатып алууда тендерде белгиленген бааларга көз каранды экенин моюнга алды.

-Тендер аркылуу тигил же бул дарыны эң арзан наркта сатып алсак да, ал башка рыноктон бир топ эле кымбат болуп калат, - дейт ал.

Ошентип, бейтап чет өлкөдөн операция жасатып келсе да, операциядан кийинки терапиянын чыгымын өзү көтөрүүгө мажбур.


Кыргызстандагы транспланталогияны каражаттын тартышыгы артка тартууда


Саламаттыкты сактоо министрлиги өткөн аптада трансплантологияны өнүктүрүүгө кеминде 200 млн сом ($3 млн) керектигин билдирди. Жүрөк хирургиясы жана трансплантациялоо илимий-изилдөө институтунун директору Жамал Ашимовдун пикиринде, бул акча бутка турууга жетишсиз.
200 млн сом ажыратып, жыйынтык күткөнгө болбойт
Лабораторияларды гана жабдыбай, адистерди даярдап, бейтаптарды дары менен камсыздоо керек. А муну жыл сайын жасоо абзел. Бакашча айтканда, бир жолу 200 млн сомду бөлүп коюп, жыйынтык күткөн болбойт. Бул кызматты пландуу түрдө окутуу, жаңы жабдык менен камсыздап туруу шарт. Бул трансплантациялоону өнүктүрүү программасына кириши керек
Кыргызстанда жыл сайын 250 адам бөйрөк алмаштырууга муктаж
Биз Бүткүл дүйнөлүк саламаттык уюмунун эсептерине таянабыз. Алар 1 млн калктан болжол менен 40-50 адам бөйрөк алмаштырууга муктаж дешет. Демек, 5 млн адамдан бизде 250 бейтапка операция жасалышы керек. Бул биздин өлкөнүн муктаждыгы. Ошондой эле 50дөн адам боорун алмаштырышы керек. А жүрөгүн же өпкөсүн алмаштырууга канча адам муктаж экенин айтуу кыйын, - дейт Жүрөк хирургиясы жана трансплантациялоо илимий-изилдөө институтунун директору Жамал Ашимов
Кыргызстанда өлүмдөн кийинки донорчулук маданияты таптакыр жок, буга өлкө мыйзамы тыюу салбайт.
- Мисалы, баш мээси өлгөн комадагы адам донор боло алат. Башкысы, анын органын алууга ал киши тирүү кезинде макулдугун бериши керек, же туугандарынын уруксаты керек. Бирок чынын айтсам, уруксат берген андай учурду көрө элекмин, - дейт Жамал Ашимов.

Бул трансплантологиянын бүгүнкү күндөгү дагы бир көйгөйү – калктын көпчүлүк бөлүгү өлгөндөн кийин биздин денебиз кимдир бирөөнүн өмүрүн сактап калса болоорун кабыл алууга даяр эмес. Азыр трансплантацияга каршы адам эртең өзү же тууганы ооруп, донор органына муктаж болуп калышы мүмкүн...

Трансплантациянын экинчи жагы бар. Потенциаладуу донорлор өз өмүрүн тобокелдикке салып, органын акча үчүн сатууга даяр. Акчага зарыккан Бишкектин, жалпы эле Кыргызстандын тургундары өз денесинин бир бөлүгүн сатыкка коюшат. Мындай кулактандырууларды интернетте гана эмес, борбор калаанын көчөлөрүнөн да кезиктирүүгө болот . Андайлардын бири жакында эле Бишкекте пайда болду. Себеби – үй-бүлөгө үй керек. Потенциалдуу донор аны мындай кадамга эмне түрткөнүн айтып берди.

"Саламатсыздарбы? Бөйрөк, боор донору болом. Дарекке жазыңыздар ..." – ушундай кулактандырууну интернеттен таптык. Кат жөнөтсөк, "мен сатып жибердим" деген жооп келди.

Көрсө, ал киши бөйрөгүн 45 миң долларга баалаптыр. Ал бул баа нормалдуу дейт, анткени өзү спорт чебери деген наамга талапкер, саламаттыгы жакшы. Донор органын кимге бергенин билбейт, ага айтышкан эмес. Бөйрөгүн алдыруу операциясы кайда жасалганын жана аты-жөнүн маектешибиз сыр калтырды: "Мага адамдар чалып, сатып алуучунун өлкөсүнө барып, анализ тапшырууну сунуштады. Медициналык кызматттын бүт чыгымын сатып алуучу көтөрдү".

Донор кезинде ипотека алып, 1200 доллар айлыгына үмүт арткан. Бирок ал иштеген компанияны капысынан жаап салышты. Ал жакшы маянасы бар жумушту көп издеди. А насыяны төлөөгө каражат жок: "Эки ай ичинде акчаны төлөбөсөм, банк үйдү алып алмак. Насыя капканы болбогондо, өзүмдү бөлүктөп сатмак белем", - деди ал.

Органын сатуудан алган акчасы ипотеканы жабууга жетти. Азыр ал бир бөйрөгү менен жашайт, саламаттыгы мурдагыдай эле жакшы экенин айтат.


Ипетокадан кутулуу үчүн бөйрөгүн саткан бишкектик донордун окуясы
"Прецедент" юридикалык компаниясынын кызматкери Алия Мамытова билдиргендей, КРнын Кылмыш-жаза кодекси органын өз эрки менен сатууга тыюу салбайт.


КРнын "Адамдын органдарын же терисин алмаштыруу" боюнча мыйзамына ылайык, тирүү донордон орган же тери алуу тирүү донордун макулдугу жана трансплантациялоо зарыл деген медициналык бүтүмдүн негизинде жасалат. Мындан сырткары реципиенттин (органды алып жаткан адамдын) трансплантацияны жасоого жазуу түрүндөгү макулдугу керек. Жашы жете элек же өз аракети үчүн жооп бере албаган донордун органын алууга тыюу салынат", -деп белгиледи Мамытова. Бирок мыйзамда оорулуунун жакын туугандары тууралуу гана сөз кетип жатат.

КРнын Кылмыш-процессуалдык кодексинин 114-115-беренесине ылайык, эгер мажбурлоо фактысы болсо, ИИМ донорчулукка кийлигише алат. Донордун органын же терисин мажбурлап алуу төрт жыл эркинен ажыратуу жана кайсы бир иш менен алектенеүүгө 3 жылга тыюу салуу менен жазаланат.


Алия Мамытова
юрист
Материал соңунда бөйрөк оорусун чакырчу факторлор жана оорунун алгачкы белгилери тууралуу билип алыңыз:

Бөйрөк оорусун алып келүүчү факторлор:

уусундукту аз ичүү

Эт менен сүт-айранды көп колдонуу

Газдалган суусундуктарды көп колдонуу

Суук өткөрүп алуу

Ачуу азыктар да илдетти тез чакырат

Витаминдин жетишсиздиги

Кыймыл-аракеттин аздыгы


Оорунун белгилери:


Адамдын алы кете баштайт, шалдырайт

Адамдын денеси, баскан турганы оорлошот

Буту-кол шишийт

Көздүн алды шишип, көгөрүп калат

Дене табы көтөрүлөт

Белдин тегереги, ич ооруй баштайт

Бет кубарат

Материалды даярдоодо негизги маалымат "Ынтымактын" өнөктөшү - "Мейкин Азия онлайн" басылмасынан алдынды. Мындан сырткары "Азаттык", "Спутник", "Супер инфо" сайттарынан жана орус тилдүү булактардан маалыматтар алынды.
Даярдагандар:
Алтынай Балтабаева
Мырзайым Жаныбек кызы
Ынтымак Media Group

Жооп калтыруу

Пикир калтыруу

avatar
wpDiscuz