Гемодиализ алгандардын азыркы эсеби 634 кишиге жетти

Гемодиализ алууга – деп кезекте тургандардын саны арбып жаткандыгы өтө өкүнүчтүү. Бул тууралуу жагдайга депутат  Алмазбек Токторов  кайрылды деп билдирет ЖКнын басма сөз кызматы.

Кече Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун “2018-жылга бюджети жана 2019-2020-жылдарга божомолу жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрүн кароо учурунда кайрылган.

Суроого жооп берген Каржы министринин орун басары Улукбек Кармышаков, – “Гемодиализге 2019 – жылга каралган сумма  737 миллион сом”,  – деди.

“Гемодиализ алгандардын азыркы эсеби 634 кишини түзөт. Ал эми жыл башында бул көрсөткүч 280 болчу”, – дейт  Марат Калиев.

Талкууда тармактык комитеттин төрайымы Гүлкан Молдобекова үй – бүлөлүк дарыгерлердин айлык акыларынын жогорулатылган төлөмдөрү кандай таркатылып жаткандыгына кызыкты.

“Өткөн жумадан тартып, үй – бүлөлүк дарыгерлердин индикаторлук нормативдерди аткаргандарына кошумча 2 миң сомдон 6 миң сомго чейин төлөнүп баштады. Ошондо жалпы орточо айлык 19 – 22 миң сом болуп калды”, – деп кошумчалады Марат Калиев.

Жыйынтыгында, комитет  “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2018-жылга бюджети жана 2019-2020-жылдарга божомолу жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрүн биринчи окууда жактырды.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген