«Газпром нефть»: Тажикстанда бензин мындан ары да кымбаттайт

Дүйнөдө мунай баасы жогорулап жатканына байланыштуу Тажикстанда күйүүчү-майлоочу материалдардын наркы мындан ары да кымбаттайт.

Бул тууралуу «Газпром нефть – Тажикстан» компаниясы билдирди. Тажикстан күйүүчү майды негизинен Орусия жана Казакстандан экспорттойт.

Душанбеде газдын баасы акыркы күндөрү 7.30 сомониден 7.80 сомониге (1 сомони -7,52 сом) чейин кымбаттады. Бензин жана дизелдик отундун баасы да өсүүдө.

«Газпром нефть – Тажикстан» компаниясы күйүүчү-майлоочу майлардын баасы акырындык менен ноябрдын башына чейин көбөйө турганын четке каккан жок.

Компания А-95 үлгүсүндөгү бензиндин литри 11 сомони 10 дирамга; А-92 10 сомони 90 дирамга; солярканын литри 10 сомони 50 дирамга чейин кымбаттай турганын божомолдоодо.

Тажикстандын Монополияга каршы кызматы мунай өнүмдөрү рыногунда абал көзөмөлдө экенин жана күйүүчү-майлоочу майлардын баасы өзүм билемдик менен жогорулатылган учурда компанияларга катуу чара көрүлөрүн билдирүүдө.

Тажикстанга ташылып келген бензиндин 40 пайызы «Газпромнефть-Тажикстан» компаниясына таандык.

Өткөн аптада Душанбе мэриясы 10-ноябрдан баштап коомдук транспортто жол кире кымбаттай турганын кабарлаган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.