Газ куурлары үчүн казылган жолдор качан оңдолот?

Газ куурлары үчүн жолдордун казылышы Ош шаарындагы транспорт кыймылын кыйындатты. Көчөлөрдү калыбына келтирүү кечеңдеп жатат деп тургундар нааразы.

Быйыл шаардагы 19 жерде 18 чакырым газ куурларын алмаштыруу пландалган. Азырынча 9 объектиде жумуштар бүткөрүлдү.  Ы.Монуев жана Г.Айтиев көчөлөрүндө жер алдынан түтүктөрдү алып өтүү иштери уланууда. Ы.Монуев көчөсүнүн өзүнөн эле 4,5 чакырым жерде орто басымдагы эски газ куурлары алмаштырылып жатат. Жумушту  аткарып жаткан  “Түштүк Транс Газ” ишканасына жергиликтүү тургундар нааразы, анткени жол бир ай мурун казылган бойдон жатат.  Жөө жүргүнчүлөр үчүн ички жолдорго жок дегенде кичинекей өтмөктөр каралган эмес, – деп нааразы мындагылар.

Ы.Монуев көчөсүнүн тургандары түтүктөр орнотулган жерлерде жолду калыбына келтирүү боюнча тиешелүү мекемелерге кайрылышкан, бирок натыйжа болбоду.

Буга кошо шаарга Бишкек, Алай тараптан келген унаалар үчүн негизги жол болгон үчүн Ы.Монуев көчөсүндө  тыгын сааттап созулууда. Анткени азыр көчөнүн 3 метрдей бөлүгү жабык.

“Түштүк Транс Газ” жагдай боюнча маалымат берүүдөн баш тартты. Ал эми буюртмачы “Газпром”ишканасы болсо куурларды орнотуу иштери 90 пайызга аяктаганын, 28-ноябрга чейин жумуштар бүткөрүлөрүн билдирди.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген