Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейине жаңы директор дайындалды

Айгүл Мамбетказиева Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинин директору болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка маданият, маалымат жана туризм министри министри Азамат Жаманкулов кол койду.

Айгүл Мамбетказиева 1955-жылы туулган. Ал Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетин аяктаган (1973-1978). Алгачкы эмгек жолун Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде иштеп баштаган. Бүгүнкү күндө ал аталган музейде башкы сактоочу болуп эмгектенип жаткан.

Белгилей кетсек, музейде 27-ноябрда феминале өтүп, анда жылаңачтанган кыз-келиндер коомчулуктун нааразычылыгын жараткан. Жыйынтыгында музейдин директору Мира Жангарачева ээлеген кызматынан четтетилген.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген