Гүлжайна Атаканова: “Салам, Кыргызстан!” жабылды деп айтууга эрте

КТРКнын “Салам, Кыргызстан!” берүүсүнүн жабылганы коомчулукта кызуу талкууланып жаткан кези. Бири туура кылды десе, экинчиси ал берүүнүн кайрадан эфирге чыгышын каалайт. КТРКнын жетекчиси Илим Карыпбеков программа көрөрмандардын сын-пикирлеринен жана алып баруучулардын этикага туура келбеген сөздөрүнөн улам жабылганын кабарлаган. Ал Клара Алибекова менен “Чыпалак бала” катышкан эфирди мисал келтирген. “Ынтымак” “Салам Кыргызстандын” алып баруучуларынын бири Гүлжайна Атаканова менен маектешти. 

– “Салам, Кыргызстан!” берүүсү жабылды деген чечимди кандай кабыл алдыңыз?

– Мен муну бир чечим болуп, “Салам, Кыргызстан!” жабылды деп айтуудан алысмын. Буга эл тараза. Аны эл деле чечет. Азыр муну этикага туура келбейт деп  эки журналист жазып койгону үчүн ушундай болуп жатат. Элге жаккан үчүн, жакшы кабыл алган үчүн 3-4 жылдан бери иштеп атабыз да.  Илим Майрамбекович деле Клара Алибекова менен Чыпалак баатыр тууралуу программаны көрүптүр. Эми ал жерде баары тамаша. Биз жинди эмеспиз, бирөөнү анчалык жамандай турган. Программа жабылды дегенге мен үчүн тоо кулап түшүп кеткен деле жок. Агып аткан суум токтоп калган жок. Баягы эле Гүлжайна баягы бойдон”.

– Программанын жабылаары тууралуу алдын ала билет белеңиз?

– “Салам, Кыргызстан!” берүүсүн алып чыкканыбызга үч жылдан ашты. Биз ар бир сезон бүткөндө, эгер элдин табити тартып турса, кийинки сезонду баштайбыз дечү.  Мынаке жети сезондон бери элдин сүймөнчүлүгүнө айланган программа болуп эле иштеп келе жатканбыз. Бирок жабылаары тууралуу билбейт элек. Азыр биз гастролдобуз, барып продюсер менен, Илим Карыпбеков менен сүйлөшөбүз.

– Программа тартылаар алдында даярданасыздарбы? Ким тапшырма берет жана ким менен кеңешесиздер?

– Келе жаткан конок тууралуу маалыматтарды издеп, ал тууралуу кызыктуу суроолорду камдап даярданабыз. Бирок биздин программа түз эфир болбогондуктан, ошол жерде көп нерсени кошуп эле кете беребиз. Албетте, ашыкча жерлерин монтажда кыркып салат. Кеңешти бизге программанын продюсери Канат Култаев берет. Ошол кишинин айтуусу боюнча болот.

– Чын эле аша чаап кеттик деп моюндайсызбы?

– Бизде баары режиссёрдун айтуусу менен болот. Эгер жакпаса, эфирге кеткиче кыркып, жакшы жерин бериш керек болчу. Ошондуктан биз аша чаап кеттик, этикага туура келбеген ишти кылды деп айтуудан алысмын.

– Келген коноктордун арасында сиздерге капа болгондор болгонбу?

– Жок, андай учур эч качан болгон эмес. Тескерисинче, аларга аябай кызык болчу. Эфирдин аягында эмне деп ушактайсыңар деп күтүп, көрүп анан кийин кетишчү.

– Соцтармактагы сын-пикирлерди кандай кабыл алып жатасыз?

– Мен аларды окубайм. Анткени  соцтармакка кирип, алардын жамандаганын окуганга убакытым деле жок. Бирок тааныштарым, досторум, туугандарым ушундай пикирлер болуп атат деп айтып жатышат. Мен аларга эч нерсе дей албайм. Анткени алар Клара Алибекованы, “Чыпалак баатырды” мени, Назира эжени жакындан билбейт. Алардын арасында 10-12 жаштагылар да бар. Анан съемка, эфир дегенди түшүнбөгөн адамдар дагы жазып жатат. Бирөө жазыптыр: ушул программаны көрсөм эле аллергиям чыгып кетчү деп. Андай болсо эмне көрөт, кыйналып, аллергия болуп.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген