Гүлзат Мамытбек: эч качан акысыз окутпайм. Видео

Ушул жылдын жазынан тарта, социалдык тармактарда өзүн “Жаңы кыргыз деми” деп атаган Гүлзат Мамытбектин тарткан видеолору популярдуу болуп, талкууга алына баштаган. Ал видеолорунда кыргыз элине мотивация берүүгө аракет кылып келет. Мындан сырткары, High Time тил үйрөтүү курстарынын негиздөөчүсү. Биз Гүлзат Мамытбек менен маектешип, алган билими, өткөрүп жаткан окутуулары, келечек пландары боюнча суроолорго жооп алдык.

Сиз элге мотивация берип жүрөсүз. Өзүңүз мотивацияны кайдан аласыз?

Баары эле ушундай суроо беришет. Кечке эле күлө бересиз, шаңдуу жүрөсүз деп. Мен билим алам. Эгер сен канчалык билим алып жогорудан карасаң ошончо нерсени көрөт экенсин. Мен баарын үстүртөн карап кыргыз канчалык күчтүү калк экенибизди карап турам. Кээ бир учурларда капа болуп кетем. Себеби кыргызым өзүңдү аска зоо экениңди көрбөй жатасынбы деп. Бирок азыркы учурда түшүнүп ойгонуп келе жатышат. Анткени кыргыздын канында бар. Кыргыз билим алышы керек. Мен дагы билим алып, мотивация алам.

Кыргыз деп калдыңыз. Сиз улутчулсузбу?

-Мен улутчул эмесмин. Ар бир адам мен үчүн бир тууган. Мен өзүм 5 бир туугандын ичинде өстүм. Кыргыз менмин деп ойлойм. Ал эми башка улуттар бир туугандарымдай. Мен казак элин аябай жакшы көрөм. Астанада кызымды Карагандыда уулумду төрөгөм. Анан өзбек элин жакшы көрөм. Ал жакта төрөлүп өскөм. Алар баш көтөрбөй иштешчү. Алар  иш кылып жатса  сен дагы баш көтөрбөй иш кылат экенсин. Мени дипломатияга, эмгекчилдикке, сылык сүйлөгөнгө жана ишти аягына чейин жеткиргенге өзбек эли үйрөткөн деп ойлойм.  Улутчул эмесмин бирок мен кыргызды аябай сыйлайм, сүйөм. Биринчи кыргыз көтөрүлөт. Анан кыргыз планетаны көтөрөт.

Биз билген Гулзат Мамытбек депрессияга кабылабы? Андай учурда кантип чыгасыз?

Ооба болот. Адамдар ар кандай толкундабыз да. Кайгы толкуну бар,  коркунуч толкуну бар, ачуу толкуну бар, көрө албастык, ээригүү, күлкү шаң шөөкөттүн толкуну бар. Анан энтузиазм толкуну мен ошол дем берүүнүн толкунундамын. Негативдер толтура кадимкидей менин ылдыйкы толкундарга түшүрүп коёт. Бирок мен билем да менде билим бар. Куралдарым бар акырын кайра өзүмдүн толкунума чыгып алам. Чыгып алгандарым эң биринчи музыка угам, бийлейм Гүлзат сен азаматсын деп өзүмө өзүм мотивация берем.  Устаттарым бар ошолордун видеолорун көрүп эле өз толкунума чыгып алам. Чынгыз Айтматовдун сөзү бар. Ашказан мээге караганда акылдуурак деп жатпайбы. Анткени ашказанга жаман зат кирсе чыгарып (кусуп) салат. Ал эми мээ (куса) чыгара албайт. Ошондуктан көздү дагы кулакты дагы оозуңду дагы жакшы нерселер менен тойгузуш керек. Мен негатив нерселерди эч качан көргүм келбейт. Андан көрө позитив көрөм. Ошон үчүн көзүмдү дагы кулагымды дагы жакшы нерселер менен багып турам. Ошондуктан мен жакшы нерсе айтам.

Адам ооруганда даары ичпеш керек дейт. Сиз ооруп калсаңыз кантип айыгасыз? Деги эле балдарыңызга эмдөө кылдырасызбы?

Жоок мен эмдөөгө каршымын. Мен муну дагы изилдеп келдим. Бул эмдөө чоң мамлекеттик деңгээлдеги бизнес. Буларды формацевтердин ээлери кылат. Азыр мени алар жек көрүп жатышкандыр. Жек көрсө дагы мейли алардын өзүнүн иши. Бирок мен кыргызымды жакшылыка алып чыгып, жакшылыка чакыргым келет. Дары дармек деген бул  наркотиктен дагы чоң бизнес. Наркотикте адам баласы бат эле жаман боло түшөт. Ал эми даары дармек аркылуу акырын наркотике олтурасын. Эмдөө дагы өтө чоң бизнес. Кудай берген бизде иммунитетибиз бар. Денебиз өзүнүн функциясын аткарып эле өзүн-өзү айыктырып алат. Ошол иммунитетти төмөндөтүш үчүн эмдөө сайып коёт. Кичинекей кезинде эле баланын иммунитети аз. Анан ооруп баштайт, сасык тумоо болот. Даары дармектин түрүн алып берип жатып эле иммуниттетин өлтүрүп атабыз.

Сиз  элге мотивация берип акча табуу жолдорун үйрөтүп жатасыз. Роберт Кийосакиге байланышкан прикол бар. Мага 1000 доллардан бергиле мен силерге акча табуунун жолун көрсөтөм. Эми өзүңөргө окшогон жиндилерди тапкыла алардын акчасын алгыла деген. Сиз дагы мына ушундай кылып жатпайсызбы?

Жок. Роберт Кийосакини көп уккам. “Бай ата кедей ата” деген китебин окугам. Китеби үчүн аябай сыйлайм. Акыркы тренингине барып келдим. Ал кандай болбосун акча жаса дейт.  Кантип 6 айда 20 миллион табышты үйрөтөм деген. Анан окуучусу айткан мен компьютер оюндарын ачтым деп. Бул оюнда бала ата-энесин акча алат. Барат дагы комьпютер оюндарын ойноп ошодон чыкпай калат. Бул мээнин наркотиги. Баланы наркотикке олтургузуп коёт. Мен айттым эгер ушундай компьютер оюндарып ачып миллионер боло турган болсом, кереги жок деп. Силердин бул кылганыңар жаккан жок деп кетип калдым. Чын эле Кийосакинин ушундай оюу бар. Жиндилерди тапкыла ошолордун акчасын алгыла деген нерсе бар. Мен андай эмесмин. Андай нерсеге барбайм.

Сиз өткөрүп жаткан семинарлар, сабактарыңыз угушубузча 500 сомдон 7000 сомго чейин экен. Бул кымбат эмеспи?

500 сом билим үчүн эч нерсе эмес. 500 сомго тамак деле ичип коёсун. Ал эми 7000 сомдук сабактын артында өтө чоң билим бар. Мен өзүмдүн билимимди 3 миң доллардан 5 миң долларга чейин төлөйм. Мен ушунча акча төлөп жаткандан кийин алган билимимди эмне үчүн бекер сатышым керек. Билимге канча акча көп төлөгөн сайын ошончолук көп сиңет. Билимге акчаны аянбаш керек. Берекесин качырасын. Бер дедиби ыраазы болуп, бериш керек. Мен англис тилдик курстарымды бирөөгө 1000 долларга бирөөгө 300 сомго сатам.  300 сомго сатып алган 300 сомдук билим алат ал эми 1000 долларлык сатып алган ошончолук билим алат.

Сиздин сабагыңызга бирөө абдан катышкысы келип, сизден билим алгысы келет. Бирок ал адамдын сизге төлөй турган каражаты жок. Сиз эмне кыласыз?

Акча тапсын. Турсун. Иштесин. Эгер иштей албаса 300 сом 500 сом акча табалбаса  кечирип кой бир тууганым анда мен алар менен сүйлөшпөйм. Ал жалкоо киши. Эч нерсе кылгысы келбейт. Мага андай өрдөктөрдүн кереги жок.  Мага карышкырлар керек. Бүркүттөр керек. Ошондо гана чоңойо алабыз.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген