Гүлзат Мамытбек алдамчылыкка шектелип кармалды

Бишкекте блогер жана ишкер Гүлзат Мамытбек алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынын маалымат кызматынан билдиришти.

Анда маалымдалгандай, милицияга 7 жаран арызы менен кайрылып, кыска мөөнөттө ири кирешени убада кылып, алардан акча алып изин жашырып кеткен Г.А. аттуу жаранга карата тиешелүү чара көрүп берүүнү өтунүшкөн. Келтирилген зыяндын жалпы суммасы 110 миң долларды түзөт.

Бирок Г.А. 2020-жылдын февраль айынын башында Кыргызстандын аймагынан чыгып кеткен.

2020-жылдын 8-июнунда жогорудагы көрсөтүлгөн фактылар боюнча Г. А. КР Жазык кодексинин 204-беренесинде каралган кылмыштарды жасаган деген шек менен сырттан билдирилген.

2020-жылдын 13-июлунда Биринчи Май райондук соту тарабынан Г.А.нын сырттан баш коргоо чарасы Бишкек шаарындагы 1-СИЗОго камакка алуу түрүндө тандалган.

2020-жылдын 8-августунда Г. А. Кылмыш-процессуалдык кодексинин 237-беренесине ылайык, кылмышка шектүүнү издөөгө байланыштуу убактылуу токтотулган.

2021-жылы 25-октябрда жаран Г. А. Кыргызстанга келгенде кармалып, Биринчи май райондук ИИБдин тергөө кызматына жеткирилип, камакка алынды.

Азыркы учурда тергөө амалдары уланууда.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.