Гүлгакы Мамасалиева: Айрым депутаттар шайлоонун эрежесин бузушту

Ош шаарынын мэрин тандоодо кээ бир депутаттар шайлоонун эрежесин бузушту. Бул тууралуу “Интербилим” коомдук фондунун Оштогу жетекчиси Гүлгакы Мамасалиева билдирди.

Анын айтымында, мэрди шайлоо жабык түрдө өтүшү керек болчу.

“Негизи шайлоодо бюллетендерди бүктөп таштоо талапка ылайык. Бирок бүгүнкү шайлоодо кээ бир депутаттар ачык эле көрсөтүп таштап жатышты. Бул деген шайлоонун бузулушу болуп саналат”,- деди Мамасалиева.

Бүгүн Ош шаарынын мэрин шайлоо болуп өттү. Добуш берүүгө 45 депутат катышып, жыйынтыгында 44 добуш менен Таалайбек Сарыбашев Ош шаарынын жетекчилигине өттү. Ал мэрликке арыз берген жалгыз талапкер болду.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген