Гүлгө оронгон Сулайман-Тоо

Сулайман- Тоодогу гүлдөп турган өрүк жана бадамдын дарактары тоону өзгөчө көрккө бөлөп турган учуру. Жаратылыштын мындай сулуулугун көз жаздымда калтырууга мүмкүн эмес. Андыктан, фотограф Заир Абдукеримов гүлгө оронгон Сулайман- Тоого чыгып келген.

Сулайман-Тоодогу жаз

Гүлүн көрүп өзүңдө өскөн бадамдын,
Күбүлүп түштү көр тирилик азабым.
Жаш кезимдей өрөпкүттү сезимди,
Жаз жыттанган абаңдагы тазалык.

Байчечекей издеп келди чуркагым,
Кары жаңы кеткен бийик кырды ашып.
Жүрөгүмө чөккөн сырды түшүнүп,
Жүзүмдү өбөт шамалыңдын муздагы.

Автор: Зинакан Пасанова.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген