Өгөйлөнгөн мекендештер: бизди алып кеткилечи, оор учурда жакындарыбыз менен болгубуз келет. Видео

Орусиянын Москва шаарындагы Жуковский аэропортунда 98 кыргызстандык мекенине келе албай турат. Алар видео кайрылуу жасап, кыргыз өкмөтүнөн Орусиядан алып кетүүсүн суранышты.

Мигранттар маалымдагандай, алар “Ural” авиакомпаниясынан эч кандай эскертүү алышкан эмес. Андыктан, каттоодон өткөн Кыргызстандын жарандары аталган компанияга нааразы экендиктерин кошумчалашты.

“Бизге алдын ала каттам жокко чыгарылды деп маалымат беришсе болмок. Баарыбыз келип, каттоодон өткөндөн кийин гана учак учпай калды деп айтышты. Эми бизге билеттерибиздин акчасы керек эмес, мекенибизге кеткибиз келет. Бизге жардам бергиле, үйлөрүбүзгө барып, кыйынчылык учурунда жакындарыбыз менен чогуу болгубуз келет”,- дешти Жуковский аэропортунда турган кыргызстандыктар.

Эске салсак, ушундай эле кайрылууну Египеттин аэропортунда мекенине келе албай турган кыргызстандыктар да жолдошкон эле. Алар Казакстандын Алмата шаары аркылуу өлкөгө келиши керек болгон. Бирок Казакстанга учкан учак казак жарандарын гана алып учуп кеткен.

Мекенине кайтып келе албай, чет элдик аэропорттордо калган мекендештердин маселеси бүгүн ЖКнын депутаттары тарабынан каралып, депутат Марлен Маматалиев өкмөткө мекенине жете албай аткан кыргызстандыктардын абалы кантет деген суроо койду.

“Азыркы учурда ар кандай себептерге байланыштуу чет өлкөдө жүргөн көптөгөн кыргыз жарандары Кыргызстанга кайтып келе албай, өтө кабатырланып турат. Аларды чет өлкөлүктөрдүн өздөрү деле өгөйлөп жаткан чыгар. Бул маселени өкмөт тез чечиши керек”,-деди Маматалиев.

Депутатка жооп кылып Өкмөт башчы учурда башка өлкөлөрдө да коронавируска байланыштуу өзгөчө кырдаал жарыяланып, андан улам кыргыз жарандарын чыгарып кетүү кыйынчылык жаратып жаткандыгын айтты.

“Ырас, жардам сурап кайрылгандар арбын. Биз ошол өлкөлөрдүн жетекчилери менен сүйлөшүп жатабыз. Эми алар он чакты адам үчүн өз чечимин дароо өзгөртпөйт экен да, бирок чечүүгө аракеттенебиз”, – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Ал эми вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова сүйлөшүүлөрдүн негизинде Казакстандын аймагында калган 180 адам автоунаа менен алынып келинээрин билдирди.

Казакстандын учагы казак жарандарын гана алып, кыргызстандыктарды Египетке калтырып кетти

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген