
Футзал боюнча Кыргызстандын жаштар курама командасы( U-20) Азия чемпионатына жолдомо алды. Алар Өзбекстанда өтүп жаткан тандоо тур алкагында өз тобунда 1-орунду ээледи.
Азыр Ташкентте борбор Азиядагы 6 өлкө, эки топко бөлүнүп оюн өткөрүп жатат. Анда “В” тобунда жайгашкан Өзбекстан, Кыргызстан жана Тажикстан жаштары бир айланпа ойноп, 3 төн упай топтоду.
Жыйынтыгында топтор артыкчылыгында Кыргызстан 1-орунга чыкса, Тажикстан 2-орунда калды. Ал эми турнирде фаворит эсептелген талаа ээлери акыркы болуп коштошушту.
1-тур Өзбекстан – Кыргызстан 6:3
2-тур Кыргызстан – Тажикстан 6:1
3-тур Өзбекстан – Тажикстан 2:7
“А” тобунда Иран эки жеңишке жетип чемпионатка жолдомо алса, Афганистан Түркмөнстанды утуп, 3 упай менен экинчи орунду камсыздады.
Бүгун 4-декабрда дагы бир жолдомо ойнотулат. Анда “А” жана “В” тобунда 2-орунду алган Тажикстан менен Афганистан беттешет. Жеңгени борбор Азиядан чемпионатка жолдомо алган үчүнчү өлкө болот.
- 04.12.2018