Футзал: Кыргызстан “Кайрат” клубу менен беттешет

Футзал боюнча Кыргызстандын курама командасы Алматынын “Кайрат” клубу менен 2 жолдоштук беттеш өткөрөт. Бул тууралуу КРнын футбол федерациясы кабарлады. 

Маалыматка ылайык, эки тараптын келишими менен жолдошдук оюн 21-22-февраль күндөрү Алматы шаарында өтөт.

Башкы машыктыруучу Амиржан Муканов жетектеген Кыргызстан курамасы эртең, 11-февралдан тарта Азия чемпионаты үчүн экинчи машыгууларын баштайт.

Эске салсак, кыргыз курамасы биринчи окуу машыгууларын 24-январдан 6-февралга чейин Дубай шаарында өткөрүп, Сауд Арабиясы менен эки жолдоштук беттеш өткөргөн.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген