Футзал: клубдар аралык Азия чемпионаты БАЭде өтөт

Футзал боюнча клубдар аралык 2020 Азия чемпионаты Бириккен Араб Эмираттарында өтө турган болду. Мындай чечимди коронавирустун алдын алуу максатында Азия футбол конфедерациясы кабыл алды. 

Эми турнир 2-декабрдан 13-декабрга чейин  Абу-Даби шаарында өтөт. Буга чейин чемпионат 1-августан 12-августка чейин Индонезиянын Жокьякарта шаарында өтөрү белгиленген эле.

Белгилей кетсек, чемпионатка жалпы 16 клуб катышат. Мелдеште  Кыргызстандын намысын өлкө чемпиону Оштун “ЕРЕМ” командасы коргойт.

Бир аз мурун Азия футбол конфедерациясы Түркмөнстанда өтүүчү футзал боюнча Азия чемпионатын август айына жылдырган эле.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген