Футзал: EREMдин Азия чемпионатындагы атаандаштары аныкталды

Кечээ 27-июнда Малазиянын Куала-Лумпур шаарында Футзал боюнча Азия чемпионатына чучук улак ташталды. Анда, “EREM” Тайланд, Кытай жана Түштүк Корея чемпиондору менен 1 себетте жайгашты. 

Ошентип, Кыргызстандын чемпиону “А” тобунда “Порт” (Тайланд), ” Стар ФТ Сеул” (Корея) жана “Шэньчжэнь Нанлин” (Кытай) командалары менен күч сынаша турган болду.

Турнирге жалпы 16 өлкөнүн чемпиондору катышат. Алар,  4төн 4 топко бөлүнүп оюн өткөрүшөт. Эрежеге ылайык,  ар бир топтон мыкты болгон 2 команда, чейрек финалга чыгат.

10- Азия чемпионаты 7-августан 17-августка чейин Тайланд борбору Бангкок до өтөт.

Белгилей кетсек, “EREM” клубтар аралык Азия чемпионатына 2 жылдан бери катышап келет. Азыркы чемпион Ирандын “Mes Sungun Varzaghan” клубу.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген