Футбол: “Реал” жана “Барселона” Испания кубогу менен коштошту

Падышалык клуб “Реал Мадрид” менен Каталондук “Барселона” Испания кубогу менен коштошту. Эки команда кечээ аталган турнирдин чейрек финалында жеңилүү ызасын тартты. 

Зидан жетектеген “Реал Мадрид” өз үйүндө “Реал Сасьедадды” кабыл алып, 4:3 эсебинде утулду.

Ал эми жаңы машыктыруучу Кике Сетьен кол астында Каталондуктар “Атлетик Бильбаонун” коногу болуп, 1:0 эсебинде утулуп кайтты. “Атлетик Бильбао” клубунун жалгыз голун 90-мүнөттө, Иньяки Уильямс киргизди.

Ошентип, Испания Кубогунун 2019-2020 сезонунда ири сенсация катталды.

Эске салсак, кечээ болгон чейрек финалдык эки оюнунда, “Гранада” өткөн жылкы чемпион “Валенсияны” утуп алды. Ал эми 1 жолу дагы Испания Ла Лигасында ойнобогон “Мирандес” “Вилььярреалды” жеңип, баарын таң калтырган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген