Футбол: Кыргызстандын футболчулары Япония менен беттешет

14-ноябрда Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Япониянын футболчулары менен беттешет. Беттеш Кыргызстанда өтөт.

Кечээ Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Катар-2022 Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу оюндарынын алкагында Монголия менен беттешти. Анда кыргызстандык футболчулар 2:1 эсебинде жеңишке жеткен.

Биринчи таймда улуттук курама командадан биринчи топту Гүлжигит Алыкулов, экинчи голду Мирлан Мурзаев киргизди. Буга чейин кыргыз фуболчулары Мьянманын курама командасына жети топ киргизген болчу.

Ал эми 19-ноябрда Кыргызстан Тажикстан менен беттешет.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген