Футбол: Кыргызстан Өзбекстан менен жолдоштук беттеш өткөрөт

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Өзбекстан менен жолдоштук беттеш өткөрөт. Бул тууралуу КРнын Футбол федерациясы кабарлады.

Маалыматка ылайык, беттеш 9-ноябрда Ташкент шаарында өтөт.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Катар-2022 Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу оюндарынын алкагында 14-ноябрда Япония менен беттешет. Оюн Бишкек шаарында өтөт.

Футбол: Кыргызстандын футболчулары Япония менен беттешет

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген