Футбол: “Худжанд” клубу Жалал-Абадка келди

Тажикстандын вице-чемпиону  “Худжанд” Жалал-Абад шаарына келди. Бул тууралуу Футбол федерациясынын Жалал-Абаддагы өкүлү Тайырбек Чойбеков билдирди. 

Малыматка ылайык, бүгүн эрте менен Тажикстандын командасы толугу менен шаарга келип, 1-машыгууларын өткөрдү. Ошондой эле Чойбеков, “Нефтчи” менен “Худжанд” командаларын тейлей турган кореялык калыстар тобу дагы келгенин белгиледи.

Белгилей кетсек, эртең, 19-февралда, “АФК – 2020” кубогунун тайпалык баскычына тандап алуу турунда Кочкор-Атанын “Нефтчи” клубу Курманбек стадионунда Тажикстандын вице-чемпионун кабыл алат.

Беттеш Бишкек убактысы менен саат 17:00дө башталат.

Эске салсак, Нефтчи 5-февралда аталган стадиондо Түркмөнстандын “Ахал” клубун кабыл алмак. Бирок “Ахал” командасы ал оюнга келген эмес.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген