Футбол федерациясынын президенттигине 6 адам талапкерлигин койду

Кыргызстандын Футбол федерациянын жетекчиси Семетей Султанов Азия кубогу өтүп жаткан кезде кызматынан кетүү боюнча арыз жазган.  Ага байланыштуу жаңы президентти шайлоо 9-февралга белгиленди.

Маалыматка ылайык, федерацияны жетектөөгө кызыкдар 6 адам талапкерлигин койду.

Алардын ичинде ишмер, футбол ардагери, “Дордой” футбол клубунун президенти, федерациянын биринчи вице-президенти Аскар Салымбеков, федерациянын башкы катчысы Медер Сыдыков, аталган уюмдун вице-президенттери Дастан Конокбаев менен Канат Маматов, Бишкек шаардык футбол бирикмесинин жетекчиси, “Алга” командасынын ардагери Алмаз Чокморов жана ФИФА калысы, Ош шаардык балдар футбол мектебинин жетекчиси Бахадыр Кочкаров да бар.

Маалым болгондой, жаңы кызматка шайлоо жабык өтөт.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген