Футбол: “Дордой” менен “Алтын-Асырдын” беттешин Сириялык калыстар башкарат

АФК кубогунун алкагында өтүүчү “Дордой” менен “Алтын-Асыр” клубдарынын оюнун Сириялык калыстар тобу башкарат. Мындай чечимди Азия футбол конфедерациясы кабал алды. 

Эки клубдун беттешинде Ханна Хаттаб башкы калыстык кызматын аткарса, ага Али Ахмади, Мазен Зазфун жана Масуд Туфайлиех жардамдашат.

Белгилей кетсек, АФК кубогунун 1-турунда Кыргызстандын чемпиону “Дордой” Түрмөнстандын чемпиону “Алтын-Асырды” кабыл алат.

Аталган беттеш 11-март күнү Дөлөн Өмүрзаков стадионунда өткөрүлөт. Ал эми жооптук оюн, 27-майда Ашхабадда болот.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген