Футбол: быйыл Кыргызстан чемпионатына 9 команда катышат

Футбол боюнча Кыргызстандын 2020-жылдагы чемпионатына 9 команда катышат жана Кыргыз Премьер Лигасы жаңы форматта өтөт. Бул тууралуу Кыргызстан футбол союзу кабарлады.

Мындай чечим бүгүн, 28-февралда Кыргыз футбол союзу кезектеги жыйынында кабыл алынды.

Жаңы сезонго өткөн жылкы 8 командадан сырткары “Каганат” командасы кошулду. Алар: “Дордой”, “Алай”, “Алга”, “Нефтчи”, “Абдыш-Ата”, “Илбирс”, “Кара-Балта”, “Лидер” жана “Каганат”.

Жаңы эрежеге ылайык, чемпионат  эки этапта жүрөт. 1-этапта 9 команда бири-бири менен 3 айлампа оюн өткөрүп, анын жыйынтыгында упайы көп алдыңкы 4 команда 2-этапка чыгат.  Андан кийин 4 команда өз ара дагы 2 айлампа оюн жүргүзүп, упайлардын саны менен жеңүүчүнү аныкталат.

Эске салсак, өткөн жылы Кыргызстан Топ Лигасы Кыргызстан Премьер Лигасы болуп өзгөргөн эле.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген