Футбол боюнча улуттук курама Жапонияга учуп кетти

Кайрат Иманалиев Жапонияда өтө турган 2022-Дүйнө Чемпионатына жана 2023-Азия Кубогуна тандап алуу оюндарына кетип жаткан Кыргызстандын футбол боюнча Улуттук курама командасы менен жолугуп, ийгилик каалап узатты.

Жолугушуу учурунда дүйнөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга карабастан, Кыргызстандын улуттук курама командасы өз машыгууларын үзгүлтүксүз улантып келгендиги тууралуу сөз айтылды.

Министр өз сөзүндө, бул оюндар мамлекетибиз үчүн абдан маанилүү экендигин баса белгилеп, Кыргызстандын футбол күйөрмандары бул оюндарды чыдамсыздык менен күтүшөт деп кошумчалады.

Эске салсак, Кыргызстандын Улуттук курама командасы Жапониянын, Мьянманын жана Монголиянын курама командалары менен беттешет.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.