Футбол боюнча Кыргызстандын олимпиадалык командасы Азия Кубогуна даярдануу үчүн Дубайга учуп кетти

Футбол боюнча Кыргызстандын олимпиадалык курама командасы Азия Кубогуна (U-23) тандоо туруна даярдануу үчүн Дубайга барды. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти.

Анын айтымында, улуттук курама командада 24 оюнчу бар. Команданын Дубайдагы машыгуусу 20 -октябрга чейин созулат. Азия Кубогуна тандоо – 2022 (U -23) 21 -октябрдан 1 -ноябрга чейин Фуджейра эмиратында (БАЭ) өтөт.

Белгилей кетсек, чүчү кулактын жыйынтыгы боюнча Кыргызстан Е тайпасына кирип, анда БАЭ, Индия жана Оман менен ойнойт. Жаштар континенттик чемпионатынын финалдык бөлүгүндө 11 команда бар – өз тайпаларынын жеңүүчүлөрү жана өз тайпаларында экинчи орунду ээлеген эң мыкты төрт команда.

Жаштар арасындагы Азия Кубогу – 2022 Өзбекстанда өтөт.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.