Футбол: бүгүн Кыргызстан менен Япония беттешет

Бүгүн Япония менен Кыргызстан жолдошдук беттеш өткөрөт. Эки команданын оюну Тойота шаарындагы “Toyota Stadium” аренасында болот. Беттеш Бишкек убактысы менен саат 16:20 да старт алат. 

Кечээ, 19-ноябрда эки команданын башкы машыктыруучулары оюндан алдын журналисттер менен маалымат жыйын өткөрүп, баардык суроолорго жооп берди.

Ошондой эле бүгүнкү оюнга  Ак Шумкарлар  ак түстөгү кийим менен чыкса, япониялык футболчулар өздөрүнүн көк түстөгү кийими менен чыгары маалым болду. Бул беттеш БАЭде 5-январдан 1-февралга чейин өтүүчү Азия кубогуна даярдык.

Эске салсак, 18-ноябрда Кыргызстан Япониянын “Кашима Антлерс” клубу менен беттешип 2:0 эсебинде утулган.

Азыр, ФИФА рейтингинде Япония 50-катарда турса, Кыргызстан 91-орунда.

Футбол сүйүүчүлөр беттешти КТРК спорт каналынан түз эфирде көрсөңүздөр болот.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген