Футбол аянтын ачууга канча акча керек? Видеотүшүндүрмө

Футбол талааңызга киши үзүлбөй келип турсун десеңиз, аянтчаңыз сапаттуу болушу шарт.  Көпчүлүктүн көңүлүн биринчи эле төшөлмө газондор бурса керек. Алар да көп түргө бөлүнөт. Табигый, жасалма жана аралаш. Табигый газон бир аз кымбат. Ошого жараша өзгөчө кам көрүүнү, кошумча чыгашаны да талап кылат. Бирок экологиялык жактан таза. Ал эми жасалма газондор 10-20 жыл сизге кызмат кылат. Баасы анчалык кымбат эмеc жана өтө деле тыкыр кароону талап кылбайт. Болгону чаң соргучтун жардамы менен тазалап турса болот. 

Футбол аянтын ачууга токтолдуңуз. Бизнестин бул түрүнө канча акча керек? Биз муну бизнес-консультанттар менен чогуу эсептеп көрдүк. Эскертүү: эсеп болжолдуу.

Ишкерликтин бул түрүнүн түйшүгү, пайдасы жана сырлары. Кененирээк билгиңиз келсе программаны толук көрүңүз.

 

Жооп калтыруу

Пикир калтыруу

avatar
wpDiscuz