Футбол-2018: Орусия мигранттар үчүн каттоого турууну 3 суткага узартты

Футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатка байланыштуу Орусия сырттан кирген жарандарды каттоого алуунун мөөнөтүн өзгөрттү. Мурда мигрант болуп баргандар бир ай ичинде жашаган жерине каттоого туруп келишкен.Эми 3 күндүн ичинде бул талап аткарылышы керек.Бирок бул талап оюндар өтүүчү 11 шаарга гана тиешелүү, өзгөчө тартип 2 айга созулат.

Россия Федерациясынын 11 шаарында – Москва, Санкт-Петербург, Екатеринбург, Казань (Татарстан республикасы), Волгоград, Нижний – Новгород, Ростов-на-Дону, Самара, Сочи, Саранск (Мордовия республикасы), Калининград шаарларына бара тургандар сөзсүз түрдө 3 күндүн ичинде каттоого туруусу зарыл.

Алач жогоруда көрсөтүлгөн 11 шаарга бара турган чет элдик жарандар 24 саат ичинде миграциялык каттоого же жашаган жерине, ички иштер органдарына каттоого турууга милдеттүү деп белгиленген. Бирок талаптар кайра өзгөртүлүп, 3 күнгө узартылган.

Такталбаган маалыматтарга караганда Орусия чек ара кызматы мигранттарды тыкыр текшерүүгө алат. Айрыкча ислам динин карманып, сакал койгон мигранттарга сурак катуу жүрүшү мүмкүн. Аны менен катар Түркия мамлекетине барып келген жарандар да Орусияга кирүүдө кыйынчылыкка туш болушууда. Анын кесепетинен кара тизмеге түшүп калуу коркунучу бар дешет адистер.

“Бизге келген маалыматтар боюнча Түркияга барган жарандарга да өзгөчө көңүл бурушат. Эгер сиздин паспортуңузда ал жакка барып келди деген маалымат турса,”кайсы максатта, кайсы учурда бардың” деп кошумча сурашат”, – дейт ТИМдин түштүктөгү ыйгарым укуктуу өкүлү Мирланбек Исмаилов.

Футбол боюнча дүйнөлүк чемпионат өтүүчү мезгилде Россия Федерациясына барууну көздөгөн жарандар үчүн каттоого алуучу органдар майрам күндөрү да дем алышсыз иштешет. Мурда ал жакта иштеп, убактылуу эс алуудан соң кайра бара турган жарандар Орусия шаарларындагы иштеген жерлеринен келишимдерин алып алса талапка ылайык болот.

Текст: Чынарбек Алипбеков

Видео: Кымбатбек Абдисамат уулу

Сүрөт: Спутник

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген